
Алгачкы суйуу (Cover)
kyrgyz pop, electronic, acoustic guitar, solo guitar, 145 Bpm

Алгачкы суйуу (Cover)
kyrgyz pop, electronic, acoustic guitar, solo guitar, 145 Bpm
Lyrics
Instrumental
Verse 1
Андан бери
жылдар алмашты,
Кара чачты
бубак кар басты.
Сүрсө дагы
мезгил мезгилди,
Эстен кетпейт
сүйүүм алгачкы.
Сүрсө дагы
мезгил мезгилди,
Эстен кетпейт
сүйүүм алгачкы.
Verse 2
Күн чартылдап,
булут түнөрүп,
Үнсүз турдук
сөздөр түгөнүп.
Терс бурулдум
көздөн жаш ыргып,
Дегениңде
кош бол, түбөлүк.
Терс бурулдум
көздөн жаш ыргып,
Дегениңде
кош бол, түбөлүк.
Instrumental
Verse 3
Жаштык оргуп
нурлуу жүзүңдөн,
Эрдиң таттуу
ширин жүзүмдөн.
Аралыктын
баарын багынтып,
Ар күн сайын
көрөм түшүмдөн.
Аралыктын
баарын багынтып,
Ар күн сайын
көрөм түшүмдөн.
Verse 4
Самайм бирге
жүргөн күнүмдү,
Уксам деймин
назик үнүңдү.
Сууйт колуң
сурайм сунбагын,
Эми мага
кызыл гүлүңдү.
Сууйт колуң
сурайм сунбагын,
Эми мага
кызыл гүлүңдү.
Эми мага
кызыл гүлүңдү.
Эми мага
кызыл гүлүңдү.
